Казакстандагы жер титирөө Бишкекте да сезилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына ылайык, 31-май күнү, саат 11:13тө Казакстандын аймагында күчү очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Бишкек шаарында силкинүүнүн күчү 3,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 50 чакырым түндүк чыгышта жайгашкан.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

6-май күнү да очогу Казакстанда 4,5 баллдык жеткен жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 2,5-3 баллга чейин сезилгени кабарланган.

Быйыл январь-февраль айларында Казакстандын, Кыргызстандын аймактарында жер бир нече жолу силкинген.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да сезилген. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар короого, коопсуз жайларга чыгууга мажбур болушкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Венгрия: 300дөй кыргызстандык мигрант ишсиз калды “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды “Финдердин билим берүүсүнүн ийгилиги - мектептердин автономиясы” "Асман шаарына керек". Ысык-Көлдөн чет элдиктерге турак жай сатыла баштайбы? "Туткундагы атамды көрүп нес болдук". Оштон Орусияга барып, Украинада табылган Алишер