Орус күчтөрү Украинанын тогуз аймагына авиасокку урду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын армиясы 30-майда Украинанын тогуз аймагына абадан жапырт сокку уруп, аскердик жана жарандык жайларды бутага алды. Ал арада НАТОго мүчө 32 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Прагага чогулуп, Украинага бериле турган жаңы аскердик жардамды талкуулаганы жатат. Алар ошондой эле Киевге Батыш берген курал менен Орусияга сокку урууга уруксат берүү маселесин да көтөрүшү мүмкүн.