Таш-Көмүр: Таза суу тартыш, ондогон кишиге сарык жукту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таш-Көмүр шаарындагы дарыгерлер соңку жылдары боор илдети күчөп, сарыктын түрлөрүнө чалдыккандар көбөйүп жатканын айтышты. Чакан шаарда эле ушу тапта алты жүздөй киши илдеттин оор түрүн жуктуруп алган. Чакан шаардын тургундары таза суу, канализация жана башка көйгөйлөр элдин саламаттыгына кесепетин тийгизип жатканына даттанууда.