Казакстандын Алматы шаарында жергиликтүү тургундар тобу 28-майда Кытай консулдугунун алдына кезектеги наарызылык акциясына чыгышты. Алар Шиңжаңда көптөн бери абакта жаткан туугандарын бошотууну талап кылышты. Мындай акцияларды үч жылдан бери өткөрүп келгени менен үнүн эч ким укпай жатканын айтышты.
Полиция алардын жолун тороп, консулдуктун имаратына жолотпой койду. Бул жолу да Кытай консулдугу алардын талаптарына жооп берген жок.
Үч жыл мурун бул топто 15тей адам бар болчу. Андан бери кеминде үч жарандын жакындары Казакстанга кайтарылган.
Эл аралык уюмдар Кытайдын Шиңжаң аймагында казак, кыргыз, уйгур жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" камалып турганын айтып келет.
Бээжин Шиңжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атоодо.
Ушул эле күнү Кытайда камалып отурган жакындарынын бошотулушун талап кылгандар АКШда, Ак үй алдында акция өткөрүштү. (RK)
Дагы караңыз
Уран казууга уруксат берген долбоор биринчи окууда колдоо тапты Январь окуясы: Рузахуновдун иши боюнча Алматынын полиция кызматкери кармалды БУУ Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны учурунда Израил кайрадан Рафахка сокку урдуҮч медиа ири долбоорлор жөнүндө иликтөө жарыялады. Президенттин администрациясы ага жооп берди