Беш-Күңгөй: Жайыт жерлер кантип сатылып кеткен?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жергиликтүү тургундар Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жер мыйзамсыз трансформацияланып, ондогон турак жай салынып жатканына 10 жылдан бери арызданып жүрөт. Айыл-чарба министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болгонун белгилеп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирди. Беш-Күңгөй айылынан жер сатып алып, үй салган тургундар мыйзамдуу документтери бар экенин айтышты.

Айыл-чарба министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болгонун белгилеп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин кабарлады. Өз кезегинде Беш-Күңгөй айылынан жер сатып алып, үй салган тургундар колдорунда мыйзамдуу документтери бар экенин айтышты.