Харьков: Украиндер аза күтүүдө, сөөктөрдү издөө уланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус армиясы Украинанын аймагын аткылоону улантууда. 25-майда Харьковдогу гипермаркетке жасалган соккудан соңку маалыматка ылайык, 16 кишинин өмүрү кыйылды. 60тан ашуун адам жараат алды. Он чакты адамдын дайыны дагы эле белгисиз. 27-майда Украинада Аза күтүү күнү жарыяланды.