Орусиянын президенти Владимир Путин май айынын башында бешинчи мөөнөткө кызматка киришкенден кийинки экинчи мамлекеттик сапарын Өзбекстанга жасап, 27-майда Ташкент шаарына барды. Аны аэропорттон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Эки өлкөнүн башчылары Ташкенттеги эгемендик монументине гүлчамбар коюшту.
The Diplomat басылмасы иликтөөлөрүндө Өзбекстанды санкцияга кошулган товарларды Орусияга киргизүүдө негизги өлкөлөрдүн бири деп атаган. 2023-жылы Европа Орусиянын “Газпром” компаниясынан газ алууну токтоткондон кийин бул ишкана газды Өзбекстанга сата баштаган. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Москва Өзбекстандын Кытайдан кийинки эле негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.
Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев акыркы жолу быйыл 9-майда Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштун 79 жылдыгына уюштурулган иш-чарада жолугушкан. (BTo)
Дагы караңыз
Министр өкмөт чийки сүттүн баасына 40 сомдук чек коё албай турганын айтты Чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлк алууга уруксат берүү мыйзамын кароо учурунда депутаттар кайым айтышты Аксыда суу ташкыны каптаган үйлөр тазаландыАрменияда демонстранттар өкмөт башчылыкка диниятчынын талапкерлигин көрсөтүштүХАМАС Тель-Авивге ракеталык чабуул койду