Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

Министр өкмөт чийки сүттүн баасына 40 сомдук чек коё албай турганын айтты


Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 27-майдагы отурумунда парламенттин “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун аткарылышы талкууланды. 14-мартта кабыл алынган токтом долбоорунда чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев токтом долбоорун аткаруу боюнча учкай маалымат берип, эгерде чийки сүттүн баасына 40 сомдук төмөнкү чек коюлса, анда кайра иштетилген сүттүн баасы 11%га, каймактын баасы 50%га чейин кымбаттап кетерин айтты. Ал ошондой эле чийки сүт социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирбей турганын белгилеп, мыйзамга ылайык өкмөт анын наркына чек коё албай турганын белгиледи.

Токтомдун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев “өкмөт токтомду качан аткарат?” деп тактап, суроо берди. Министр Данияр Амангелдиев “өкмөт мындай механизмге бара албай турганын” кайталап, “бирок сүттү кайра иштетүүчү заводдор менен сүйлөшүүгө барарын” билдирди.

Парламент 15-майда да сүттүн баасынан чыккан көйгөйлөр жөнүндө тийиштүү мекемелердин маалыматын уккан. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов учурда жер-жерлерде сүт фермерлерден майлуулугуна жараша 24-30-40 сомго чейин алынып жатканын айтып, бааны рынок өзү аныктап жатканын белгилеген. Айрым депутаттар өкмөт өкүлдөрүн сынга алып, бул маселеде ишканалар менен дагы иштөөнү, башка жаңы рынокторду издөөнү сунуштаган.

Депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш аны үч окуудан колдоп берген.

Ошол эле жылдын сентябрында мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарганы маалым болгон. Кийин мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түзүлгөнү да кабарланган. Жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары парламентке кайрылып келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бир жылдык сүт өндүрүү болжол менен 1,6-1,8 миллион тоннаны түзөт. Анын 2,5% гана өнөр жайлык кайра иштетүүгө кетет.

Өлкөдө чийки сүттүн 98% ашыгы калктын жеке чарбаларында өндүрүлөт. Алар чийки затты майда дүң сатуучулар аркылуу кайра иштетүүчүлөргө же болбосо заводдордун өзүнө түз эле сатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG