“Чоң жетиге” (G7) мүчө мамлекеттердеги Орусиянын активдери Москва Киевге кенемте төлөп бермейинче камакта болот. Бул тууралуу аталган уюмга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин Италиядагы жолугушуусунан кийинки билдирүүдө айтылды.
“Чоң жети” активдерден түшкөн кирешени кантип, кандай пайдалануу маселелерин кийинки айда Италиянын Апулия аймагында лидерлердин жолугушуусунда талкуулайт.
"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.
Апта башында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусия Украинага кол салгандан кийин анын биримдик аймагында камакка алынган активдерин Киевге жардам үчүн пайдалануу планын бекиткен. Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский быйылкы жылы бул схема Украинага 3 миллиард еврого жакын каражат бериши мүмкүндүгүн, анын 90% аскердик чыгымдарга жумшалышы керектигин билдирген.
Анда активдерден жылына 5 миллиард евродой каражат түшүп турары маалымдалган.
Орусиянын Евробиримдик аймагындагы активдерин пайдалануу схемасы бир нече айдан бери талкууланып келген. Москвага согуштан кийин айрым чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышын кескин айыптаган.
Дагы караңыз
Аксы районунда сел коркунучунан улам 250 адам эвакуацияланды Жалал-Абадда индиялык студент кызды сүзүп кеткен адам камалды Садыр Жапаров Асман шаарын куруу келерки айда башталарын айттыУКМК: Ташиевдин атын атап алдамчылык кылган жаран кармалды Reuters: Путин басып алган аймактарды калтыруу шартында согушту токтотууга даяр Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылдыПрезидент айрым министрлер кызматка тааныш-билишин коюуну улантып жатканын айттыКыргыз-тажик чек арасын тактаган жумушчу топтор Бишкекте жолуктуАкыйкатчы пробациялык көзөмөл маселесине көңүл бурууга чакырды