Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Кыргыз-тажик чек арасын тактаган жумушчу топтор Бишкекте жолукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 19-25-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче анда “тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо тууралуу өз ара сунуштарын алмашты.

"Тараптар Тажикстанда өтчү келерки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейинки жолугушуу Тажикстандын Бустон шаарында 5-11-май күндөрү уюштурулган.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов 6-майда Ферганада жолукканы кабарланган. Анда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын тездетүү чаралары белгиленгенин, такталбаган жерлерге байланыштуу макулдашууларды даярдоо жана кол коюу маселесинде өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берилгенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада эки мамлекет кандуу кагылышууга барган.

XS
SM
MD
LG