Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кезарт айылында сел коркунучунан улам 250 адам коопсуз жайга, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Кара-Жыгач—Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында сел жүргөнүн, Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын жээгине жакын жашаган 60тан ашык үйдү суу каптоо коркунучу жаралганын билдирди.
Учурда селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, президенттин облустагы өкүлү баштаган топ жүрөт.
Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады.
Дагы караңыз
УКМК: Ташиевдин атын атап алдамчылык кылган жаран кармалды Reuters: Путин басып алган аймактарды калтыруу шартында согушту токтотууга даяр Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылдыПрезидент айрым министрлер кызматка тааныш-билишин коюуну улантып жатканын айттыКыргыз-тажик чек арасын тактаган жумушчу топтор Бишкекте жолуктуЧеттеги армияга жарамдуу орус жарандарынын паспорт алуусу кыйындайтМинск: теракт пландаган деген шек менен эки тажик жараны кармалдыЖалал-Абадда жол кырсыгында төрт адам набыт болуп, үчөө жараат алдыТбилисиде "Чет элдик өкүл" мыйзамына каршы миңдеген адам жүрүшкө чыктыАкыйкатчы пробациялык көзөмөл маселесине көңүл бурууга чакырды