Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылды

Сууга чөгүп кеткен кыздарды издөө учуру.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын биринин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каргаша 18-майда болгонун кабарлаган жана ошондон бери издөө жүрүп жаткан.

"Жергиликтүү тургундар 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кыздын сөөгүн табышты. Экинчи, Т.С. аттуу алты жашар кызды издөөгө министрликтин 11 куткаруучусу, төрт суучул жана жергиликтүү тургундар тартылган. Издөө ууланып жатат",-деп жазылган маалыматта.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар болгон.

Дагы караңыз

Президент айрым министрлер кызматка тааныш-билишин коюуну улантып жатканын айттыReuters: Путин басып алган аймактарды калтыруу шартында согушту токтотууга даяр Кыргыз-тажик чек арасын тактаган жумушчу топтор Бишкекте жолуктуЧеттеги армияга жарамдуу орус жарандарынын паспорт алуусу кыйындайтМинск: теракт пландаган деген шек менен эки тажик жараны кармалдыЖалал-Абадда жол кырсыгында төрт адам набыт болуп, үчөө жараат алдыТбилисиде "Чет элдик өкүл" мыйзамына каршы миңдеген адам жүрүшкө чыктыАкыйкатчы пробациялык көзөмөл маселесине көңүл бурууга чакырды