Пакистанда күн өтө ысып, айрым мектептер бир аптага жабылды

Пакистан. 2024-жылдын 19-майы.

Пакистанда абанын өтө ысып жатышына байланыштуу элге эскертүү берилип, зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай коё туруу керектиги айтылды. 21-майдагы кайрылуусунда өкмөт абанын температурасы жогорулап жатканын, мөңгүлөр эрип, сел капташы ыктымал экенин билдирип, элди этият болууга чакырды.

Өлкөнүн калк өтө жыш жайгашкан аймактарынын бири Пенжабда күн ысып кеткендиктен жалпысынан 18 миллиондой бала окуган мектептер бир аптага жабылды.

Пакистандын Метеорология департаментинин өкүлү Захир Ахмед Бабар абанын температурасы алдыңкы күндөрү Цельсий боюнча орточо бир айлык нормадан 6 градуска жогору болот деп болжолдонуп жатканын билдирди.

Адистин айтымында, бул апта ичинде абанын температурасы Пакистандын көпчүлүк бөлүгүндө 40 градустан жогорулашы ыктымал. (RK)

Дагы караңыз

Бишкектин Көлмө конушунда китепкана курулуп жатат“Ымыркайыбыз өлүм алдында жатса апасын камашты”Таласта "Бала-Саруу" чакан ГЭСи ишке киргизилди Польша Орусия менен байланышы бар тогуз диверсант кармалганын билдирди