Израилдин коргоо министри Эл аралык сот прокурорунун билдирүүсүн айыптады

Йоав Галант.

Израилдин коргоо министри Йоав Галант Эл аралык кылмыш сотун «Израилдин өзүн коргоого болгон укугунан ажыратууга аракет кылып жатат» деп айыптады. Соттун прокурору ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) башчылары менен катар аны жана Израилдин башка жектечилерин да камакка алуу тууралуу сунушуна байланыштуу билдирүүсүндө ал:

"Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хандын [Израилдин] түзүлүшүн жокко чыгаруу аракетинен майнап чыкпайт – анын ХАМАС террордук уюму менен Израил мамлекетин теңдөө аракети жийиркеничтүү жана жек көрүүнү жаратат", - деди.

Ошону менен катар Галант Израилди өзүн-өзү коргоо жана барымтадагыларды бошотуу укугунан баш тарттырууга болгон бардык аракеттер четке кагылышы керектигин белгиледи.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганы соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматта айтылган.

Прокурордун пикиринде, Нетаньяху менен Галант да, ХАМАСтын үч лидери да Газа секторунун жана Израилдин аймагындагы согуш кылмыштарына жана адамкерчиликке каршы кылмыштарга тиешеси бар деп эсептөөгө негиздер жетиштүү.

Эми аталган соттун судьялары прокурордун сунуштамасын карап чыгып, кармоого ордер берилеби же жокпу, чечимин чыгарышы керек. (RK)

Дагы караңыз

УКМК казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген пакистандыктар кармалганын билдирди Вебкам уюштургандарды жазалоо чарасын мыйзамга киргизүү сунушталдыКосоводогу сербиялык банктардын бир нече өкүлчүлүгү жабылдыПакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келет