Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келет


Мохаммад Исхак Дар.
Мохаммад Исхак Дар.

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Кыргызстанга келет.

Ал Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң, Бишкекке кыска убакытка кайрыларын Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 21-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Дар башкалаада 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алат. Мындан тышкары Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-майда Астанада Дар менен жолугушканы кабарланган.

Пакистандын тышкы саясат мекемеси X социалдык тармагына жарыялагандай, жолугушууда тараптар пакистандык студенттер жабыркаган окуяны талкуулашкан.

Исхак Дар пакистандык жарандардын, өзгөчө башка мамлекеттерде билим алып жаткан студенттердин коопсуздугу маанилүү экенин белгилеген жана Жээнбек Кулубаевден аларга кол салгандарды жоопко тартууну өтүнгөн.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкекте Пакистандын жарандарына байланышкан окуяны 19-майда да телефон аркылуу сүйлөшүп, талкуулаган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынды.

Министрликтин маалыматында, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG