Жогорку Кеңеш Кыргызстанда вебкам ишмердигин кылмышка теңеп, аны уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатат.
Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесин ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоо сунушталды.
Парламенттеги депутаттар тобу документти талкууга алып чыгышты. 21-майда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде демилгечилердин бири вице-спикер Нурбек Азыгалиев баяндама жасап, веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүнү онлайн режимдеги жаңы кылмыш деп сыпаттады.
Ал аталган мыйзам долбоору адам сатуудан жабыркагандарды жана бул кызматка мажбурлангандарды коргоо үчүн зарылдыгын белгиледи.
Мыйзам долбоорунда вебкам бизнеси менен алектенгендерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же беш жылга чейин камак жазасын берүү сунушталып жатат. Ал эми ушундай жорукту уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы жазылган.
2021-жылы “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган.
Анда чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, Телеграм топтордогу ормон опуза кылгандардын жосуну иликтенген. (SE)
Дагы караңыз
Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейи коопсуздуктан улам убактылуу жабылдыПакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келетИран президенти Раисинин өлүмү. Дүйнө коомчулугунун реакциясы