Свердлов округунан эки киши талапкер болуу ниетин билдирди

Мурдагы шайлоолордун биринде тартылган сүрөт.

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан эки киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирди. Алар - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев жана убактылуу жумушсуз Аскар Алмаз уулу.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.

2022-жылы аталган округдан мурда депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган.

30-июнда Ноокаттагы жана Ысык-Көлдөгү бир мандаттуу округдарда да мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. БШК эки округдан тогуздан адам талапкер болуу ниетин билдиргенин маалымдады. (SE)

Дагы караңыз

Акыйкатчыга адамдардын көбү сотторго каршы арызданатШайлоо: БШК административдик соттун чечимине каршы арызданатКулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту