Пакистандык студенттер мекенине кайтып жатышат

Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.

Бишкектеги жогорку окуу жайларда окуп жаткан пакистандык студенттер мекенине кайтууну улантып жатышат.

“Манас” эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка ылайык, 21-майда Бишкектен Пакистандын Исламабад, Лахор жана Пешавар шаарларына сегиз чартердик каттам уюштурулган. Ушул сааттарга карата алардын үчөө учуп кетти.

Пакистандык студенттер Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуялардын кийин Пакистандын өкмөтү уюштурган атайын учактар менен кете баштаган. Канча чет элдик студент мекенине кайтканы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Кыргызстандын эл аралык университетинин ректору Асылбек Айдаралиев 20-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мекенине кайткан студенттердин көбү 1-2-курстун студенттери экенин, ал эми жогорку курста окугандар Кыргызстанда калышканын айткан.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Чет элдиктерди тоногон деген шек менен Кыргызстандын үч жараны кармалды.

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Азаттыкка” ушул тапта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда баш-аягы 59 миңдин тегерегиндеги чет элдик студенттер окуп жатканын айтты. Алардын 28 миңи медициналык факультеттерде билим алат. Пакистандан келген студенттердин саны 12 миңден, Индиядан келгендер 14 миңден ашуун. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчыга адамдардын көбү сотторго каршы арызданатШайлоо: БШК административдик соттун чечимине каршы арызданатКулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугуштуДепутат Акаев абактагы журналисттердин укугун коргоого чакырды“Чет элдик өкүл” деп табылган уюмдарды каттоонун жобосу бекитилдиАКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады20-май: Бишкектеги окуя боюнча Жапаровдун эскертүүсү, Ирандагы беш күндүк аза күтүү