Кара-Суу менен Ноокатта мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

Мыйзамсыз иштетилип келген майнинг-ферма. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалар (криптовалютаны өндүрүү) аныкталып, иши токтотулганын билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергөөдө майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынды.

Майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок криптовалюта өндүрүшүн уюштурганы айтылды.

Бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 12 айында Кыргызстандын бюджетке майнингден 93 млн 730,8 миң сом салык түшкөн.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет. (BTo)

Дагы караңыз

Ирандын президенти бараткан тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени айтылды Милиция кызматкерлери Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштеп жататЭдил Байсалов пакистандык студенттерден кечирим сурадыЭлчиликтер Бишкектеги жарандарын сак болууга чакырды