Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Ирандын президенти бараткан тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени айтылды


Эбрахим Раиси.
Эбрахим Раиси.

20-майда Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейн Коливанд Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак кыйраган жерде тирүү калган адам жок экенин билдирди.

“Азаттыктын” Иран кызматы өлкөнүн мамлекеттик телеканалы да ушундай эле маалымат бергенин жазды.

Эбрахим Раиси 19-майда күндүз Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, азери президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышына катышкандан кийин кайтып келаткан. Бул - эки өлкө чек ара тилкесиндеги Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Иран президентинин тик учагын бул сапарда дагы эки тик учак коштоп жүргөн, алар Тербиз шаарына аман жеткен, ал эми Эбрахим Раиси бараткан учак дайынсыз болуп жаткан.

Өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди тик учак “кыйынчылык менен конгонун”, андан башка маалымат жок экенин айткан.

Эбрахим Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да баратканы маалымдалган.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Эбрахим Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Эбрахим Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Айрым маалыматтарга караганда, эл аралык санкциялардын айынан Иран эскилиги жеткен тик учактарына тетик сатып алууда кыйынчылыктарга туш болууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG