Милиция Бишкекте абал туруктуу экенин маалымдады

Бишкектин милициясы. 18-май, 2024-жыл

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 2 жарым миңден көп кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. Мекеменин 19-майда тараткан билдирүүсүндө шаардын аймагында абал туруктуу экени жана чет элдиктер кадимки жашоо образына кайтууга боло турганы айтылат.

“Азыркы учурда интернет мейкиндигинде жалган маалыматтар тарап жатат, бул биздин жарандардын арасында коомдук резонанс жаратат. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандарга карата күч колдонууга чакырган жалган маалыматтар аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнкү окуя боюнча Ички иштер министрлиги териштирүүнү уланта турганын, буга байланыштуу кылмышкерлерге чара көрүлөрүн маалымдаган.

Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү кабарлады. Жабыркаган үч чет элдик Бишкектеги мамлекеттик ооруканада, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандык чыккан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Дагы караңыз

Кыргыз-пакистан тышкы иштер министрлери Бишкектеги окуяны талкуулады Байсалов Бишкектеги окуя иликтенерин билдирдиУкраина: Беш киши каза болду, Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок турукташа электигин айтты Түркиянын Изник шаарында кыргыз жоокерлери эскерилди