Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:26

Байсалов Бишкектеги окуя иликтенерин билдирди


Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатакананын имаратында.
Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатакананын имаратында.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү Бишкек шаарындагы окуя боюнча териштирүүлөр дагы уланып, күнөөлүүлөр аныкталып жазалана турганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-майда Бишкекте пакистандык студенттер жашаган жатаканага Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен чогуу барган учурда айтты.

“Кесиптештерибиз бул атайын күчтөр уюштурган чагымчылдык болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Милиция кызматкерлери ошол түнү баарын тынчытып, үйүнө таратышты. Бирок мунун баары ушуну менен бүтүп калбайт. Муну уюштурган, “отко май чачкандар” аныкталат. Тергөө жүрүп жатат, тартипсиздикке, бейбаштыкка жол берилбейт. Мунун баары өкмөткө, укук коргоо органдарына жана коомчулукка сабак болушу керек”, - деди Байсалов ушул эле күнү "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Ал ошондой эле этностук араздашууга жол берилбей турганын, Кыргызстан четтен туристтерди тартууга аракет кылып жатканын, "четтен келген жарандарды кор кылуу кыргызстандыктарга жарашпаган көрүнүш" экенин белгиледи.

Байсалов сырттан мыйзамсыз келген эмгек мигранттарына бөгөт коюлганын, өлкөдө билим алып жаткан чет элдик студенттерге жана туристтерге, эл аралык уюмдарда иштегендерге чектөөлөр болбой турганын кошумчалады.

Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү кабарлады. Жабыркаган үч чет элдик Бишкектеги мамлекеттик ооруканада, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандык чыккан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

XS
SM
MD
LG