Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы жаан-чачындан улам ылайланган маалы. Архивдик сүрөт.

18-май күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында киши агып баратканы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар 35-40 жаштардагы аялдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Окуя болгон жерде төрт куткаруучу иштеген. Азиат улутундагы аял кишинин сөөгү иликтөө үчүн Ички иштер министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

18-майда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, жолдорду жана үйлөрдүн жертөлөсүн каптады. Окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тартылды.

Мындан сырткары ушул эле күнү Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айрым жерлеринде сел жүрдү. Ош-Папан-Кожо-Келең жолунда, Садырбай-Каратай жолунда жана Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, кум, шагылга толтуруп салды. Алар кайра тазаланды.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген.

Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен(ErN)

Дагы караңыз

Милиция Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттүПакистандын ТИМи Кыргызстандын ишенимдүү өкүлүн чакырттыИндиянын тышкы иштер министри Бишкектеги кырдаалга көз салып жатканын билдирдиГрузиянын президенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзамга вето койдуИИМ Бишкектеги тополоңдун себептерин атадыКазакстандын коопсуздук комитети Кыргызстан тараптан пакистандыктар өтүп жатканын төгүндөдүЭнергетика министри ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандардан кабар алды