Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

Энергетика министри ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандардан кабар алды


Таалайбек Ибраев ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандарды көрүп жаткан учуру. 18-май, 2024-жыл.
Таалайбек Ибраев ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандарды көрүп жаткан учуру. 18-май, 2024-жыл.

18-майда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария учурунда жараат алган эки кызматкерге барып, ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Жабыркаган кызматкерлер учурда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү илимий-изилдөө институтунда дарыланууда.

Таалайбек Ибраев дарыгерлер менен баарлашып, жабыркагандардын абалы тууралуу сурады. Министр алардын тез арада сакайып кетишине Энергетика министрлиги жана Бишкек шаарынын ЖЭБи бардык жардамдарды бере турганын белгиледи.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарылоо зарылдыгы пайда болгон.

Башка, тик учак кырсыгында жабыркаган эки адам жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган эки адам 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген. Аларга Түркияда жашаган кыргызстандыктар жана Анталиядагы Башкы консулдук көмөк көрсөткөнү айтылган.

Жарылууда жабыркаган эки адам үч айдан ашуун убакыт Түркиянын Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып, Бишкекке 9-майда кайтып келишкен. Алардын учурдагы абалы туруктуу экени кабарланып, бирок саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн реабилитациядан өтүп, кийинки операцияларга даярдануу зарылчылыгы бардыгы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG