Бишкектеги башаламандык эмнеден башталды?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда 30дай киши жабыркаганы, алардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени Салматтык сактоо министрлиги тарткан тизмеден көрүнөт. Төрт чет элдик жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козголуп, Свердлов райондук милициясы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Расмий маалыматтарда алар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок. Ал арада Бишкек менен Исламабад жагдай тууралуу бир канча билдирүү таратты.