Бутага алынган лидерлер. Тарыхтагы чуулгандуу кол салуулар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду. 59 жаштагы өкмөт башчы Гандлова шаарындагы жыйындан кийин көчөдө жергиликтүү тургундар менен учурашып жаткан маалда ага бир нече ок атылган. Колунан жана курсагынан жараат алган Фицо тик учак менен жакынкы ооруканага жеткирилип, ага бир нече саатка созулган операция жасалган. Ок аткан 71 жаштагы киши дароо кармалды. Ички иштер министри кол салууга саясий жүйө себеп болгонун билдирди. Кызматта турган же мурдагы жогорку деңгээлдеги саясатчыларды өлтүрүү аракеттери дүйнө тарыхында көп эле катталган. 60 жыл ичиндеги айрым резонанс жараткан кол салууларга токтолсок.