Орусиянын айрым аймактары жапырт дрон чабуулуна кабылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын бир катар аймактары 17-майга караган түнү жапырт дрон чабуулуна кабылды. Новороссийск шаарынын портунда жарылуу болуп, Туапседе мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды. Бул соккулар орус армиясы Украинанын Харьков облусунда чабуулун күчөтүп жаткан маалда болду. Расмий Киев Волчанск багытында абал турукташканын билдирсе, НАТО орус күчтөрүнүн Харьковду алууга чама-чаркы жетпейт деген көз карашта.