УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" лидеринин орун басары шайланган жагдайды териштирип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Гуля Кожокулованын парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин орун басары болуп шайланышын териштирип жатат. Бул тууралуу аталган фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, депутаттардын бири "лидердин орун басары туура эмес шайланды деп" УКМКга арыз жазган. Масалиев арызды ким жазганын ачыктаган жок.

"Ким кимди кандай шайлайт бул биздин ички ишибиз. Бюджеттен акча бөлүнбөсө, мамлекетке кандайдыр бир зыян келтирбесе, атайын бөлмө бөлүнбөсө... Расмий түрдө эле жыйналыш өткөрүп, залда пикир алмашып көпчүлүк добуш менен бекиткенбиз", - деди Масалиев.

Эл өкүлү бул маселеге байланыштуу өзү баштаган фракциянын башка депутаттары дагы УКМКга чакырылып, сурак берип чыгышканын айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 16-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча үч саат күбө катары сурак берип чыкканын билдирген. Башка маалымат айткан эмес.

Атайын кызмат сурак тууралуу жана “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттарына байланыштуу эмне иш иликтенип жатканы боюнча маалымат бере элек.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты депутаты бар. Анын лидери Адахан Мадумаров сот жообуна тартылып мандатынан ажыратылгандан кийин, 8-майда Исхак Масалиев фракциянын лидери болуп шайланган. (КЕ/ЕВМ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров алтын жана агасы тууралуу айтылгандарга кайрадан комментарий берди“Крокус Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандардын абактагы мөөнөтү узартылдыУКМК интимдик кызмат көрсөтүү уюштургандар кармалганын билдирдиОш - Сары-Таш - Эркечтам жолу сел калдыктардан тазаланды