Аба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Чүй өрөөнү.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-18-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

17-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...28, күндүз 25...30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 25...27 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Словакия: Кол салуу болгон премьердин өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалдыКыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөтБишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалды Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө