“Азаттыктын” Польшадагы чабандес каармандары сыйланды

Дастан Сабатбеков, Санжар Абаев жана Болот Калысбек уулу.

Кыргыз өкмөтү Польшада ийгиликке жетишкен кыргызстандык чабандестерди сыйлады. Ыраазычылык каттарын алардын ата-энелерине бүгүн 16-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев тапшырды. Жолугушууда ал чабандестерге ийгилик каалап, өзүлөрүнө жана жакындарына ыраазычылык айтты.

Чемпион болгон кыргызстандык чабандестер тууралуу “Азаттык” бир апта мурун атайын көрсөтүү даярдаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европада чемпион болгон кыргыз чабандестер

Анда тартылган ат спорту менен алектенген Санжар Абаев Польшанын ат чабыштын кыска аралыкка чуркаган түрүнөн эки жолку чемпиону. Ал эки жолу чабандестердин башкы сыйлыгы - “Дербини” уткан.

Болот Калысбек уулу Польшанын вице-чемпиону. Дастан Сабатбеков Польшанын 2022-жылкы чемпиону.

Борбордук Европада жайгашкан Польшада ушул тапта 20га жакын кыргыз жигити ат спорту менен алектенет. Алар буга чейин Кыргызстанда жеңишке жетип, бирок жаш курагына байланыштуу башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон. (AiA)

Дагы караңыз

Көк-Жаңгакта күйдүргүгө шек саналган үч киши ооруканага кайрылдыБишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалды Акаев балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин айттыБишкекте билим берүү адиси Ари Покканын китебинин бет ачары өтөт