Кемпир-Абад иши: Дүйшөбаевдин абалы начарлады, Бузурманкулов сабалганын айтты

Коллаж.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар 15-майда бийликке кайрылуу жолдоп, абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгы начарлап, кан басымы көтөрүлүп, анын дарылануусуна шарт түзүүнү суранышты.

14-майда Дүйшөбаевди сотко күч менен алып келишкени маалым болсо. айыпталуучулардын бири Айбек Бузурманкулов тергөө абагында ур-токмокко алынганын айтып чыкты.

Бузурманкулов сабалганын айтып чыкты

15-майдагы сот отурумунда айыпталуучулардын бири Айбек Бузурманкулов аны тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонуп, сабаганын айтып чыкты. Ал буга байланыштуу Кыйноолорго каршы борборго да кайрыларын билдирди.

"Мына, конвой менин колумду көгөртүп, сабады. Менин денемдеги “Кемпир-Абад – ачык сот” деген жазууну күч менен мени жерге жаткырып, сабап, өчүрүштү. Бул жагы башаламандык болуп кетти. Буга тергөө абагынын жетекчиси күбө".

Ушул эле күнү бул иш боюнча айыпталып жаткандар абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгына камтама болуп, анын дарылануусуна шарт түзүп берүүнү бийликтен сурашты. Анын кан басымы көтөрүлүп жатканы өткөндө аптада 8-майдагы отурумда белгилүү болгон.

Дагы караңыз Кемпир-Абад иши: Абактагылардын жакындары ачык сотту талап кылды

“Өткөн жумада 8-майда эле Дүйшөбаевдин кан басымы көтөрүлүп жаткан. Ошондо анын кан басымы 200дөн ашып жатты, медиктер келип аны ооруканага жаткыралы дешсе, бербей коюшту. Кечээ дагы абалынын оор экенин айтып, сотко бара албайм десе болбой, алып келишти. Ал сотто сүйлөмөк түгүл баса албай калды. Ал гипертониялык тобокелдикте жүргөнүнө он күндөн ашты. Бул абдан кооптуу. Бизге карата кыйноо, зөөкүрлүк саясат болуп жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт”, - деди Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири Клара Сооронкулова.

14-майда Дүйшөбаевди аскер кийимчен жигиттер сот залына көтөрүп киргени тартылган видео тараган. Муну “кемпирабадчылар” кыйноо катары баалашкан.

Судья Марат Сыдыков сот отурумун Дүйшөбаевдин абалына байланыштуу 15-майга жылдырган.

Биринчи май райондук сотунун өкүлү Жаза аткаруу кызматына Дүйшөбаевди башка айыпталууулар менен бирге процесске алып келүү боюнча маалымат кат берилгенин, бирок анда мажбурлап алып келүү боюнча талап болбогонун билдирди.

Сот Дүйшөбаевди абакта калтырды

67 жаштагы Дүйшөбаев шаршембиде сот отурумуна жеткирилген жок. Адвокаты Акын Авазбеков анын саламаттыгы дагы эле оор бойдон экенин айтты.

“Кечээ күнү кечинде да СИЗОго “Тез жардам” чакырылып, анын кан басымын түшүрүүгө аракет кылышкан. Азыр анын абалы кандай экени белгисиз. Бирок дарыгерлер туруктуу, сотко катышканга мүмкүнчүлүгү жок дешти. Ошол себептүү сотко кайрылып, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиребиз. Себеби Дүйшөбаев ооруканада дарыланууга муктаж”.

15-майдагы отурумда Дүйшөбаевди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирилип, бирок сот аны канааттандырбай, абакта калтырды.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор да соңку он күндөн бери Дүйшөбаевден кабар алып турганын, анын саламаттыгы жакшы эмес экенин, анын дарылануусуна мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирди.

“14-майда түнү менен барып, Дүйшөбаевдин камерасына кирип сүйлөшүп чыктым. Ошол күнү кечинде ага “Тез жардам” келип кеткенден кийин абалы бир аз жакшырган. Бул кишиге баары бир дарылануу керек. “Тез жардам” өзүнүн кызматын аткарып, анын кан басымын түшүрүп коюп жатат, бирок бул убактылуу. Биз анын дарылануусу үчүн абактан чыгаруу боюнча өтүнүч келтиребиз”, - деди борбордук жетекчиси Бакыт Рысбеков.

Дагы караңыз Сот жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга кести

Жазаларды аткаруу кызматынын түшүндүрмөсү

Жаза аткаруу кызматы Дүйшөбаев 14-майдагы сот процессине мажбурлап жеткирилген деген маалыматты төгүндөп, айыпталуучунун саламаттыгы тууралуу билдирүү таратты.

“14-майда Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинен айыпталуучу Кеңешбек Дүйшөбаев Биринчи Май райондук сотуна соттун талабына ылайык, мажбурлоосуз жеткирилген. Сотто айыпталуучунун ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу "Тез жардам" чакырылган. Ал медициналык кызматкерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна жеткирилген жок. Учурда Дүйшөбаевдин абалы туруктуу. Медициналык кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүндө”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлиги ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Айыпталуучулар "саясий куугунтукка кабылганын" билдирген. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.