Кыйноолорду алдын алуу борбору абактагы Дүйшөбаевден кабар алды

Кеңешбек Дүйшөбаев

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевден кабар алды. Рысбеков Дүйшөбаев менен 14-майда эки жолу жолугуп чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал саясатчынын саламаттыгына байланыштуу Жаза аткаруу кызматына жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу даярдоодо.

"Мен 8-майда сотко "Тез жардам" чакырылгандан кийин дагы тергөө абагына барып жолугуп келгем. 14-майда дагы жолуктум, 8-майга караганда абалы оор болчу. "Тез жардам" чакырылды, бирок ал биз кеткенден кийин келди. Бирок кечээ түнү социалдык тармактарда "комага түшүп калды" деген маалыматтардан кийин дагы бардым. Камерасына чейин кирип, сүйлөшүп чыктым. "Тез жардам" келип кеткенден кийин абалы бир аз оңолуптур. Бирок бул утурумдуу, дарылоо керек", - деди Рысбеков.

Саясатчынын абалы начарлаганына байланыштуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жана үй камагына чыккан саясатчы, активисттер 15-майда да кайрылуу жасашты. Алар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян башталар алдында Дүйшөбаевди ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууга чакырышты.

Кеңешбек Дүйшөбаевди конвойлор 14-майда сотко көтөрүп алып келишкен. Бүгүн ал сотко катышкан жок.

Жазаларды аткаруу кызматы 15-майда "Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалы туруктуу" деген маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү сот отурумуна медициналык кызматкерлердин көрсөтмөсү менен ден соолугуна байланыштуу жеткирилген эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (КЕ)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште сүттүн баасына байланыштуу өкмөткө сын айтылдыБШК Свердлов шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштадыБШК Таластагы шайлоо боюнча чечимдерге каршы Жогорку Сотко кайрылдыСирия менен Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды