Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Жогорку Кеңеште сүттүн баасына байланыштуу өкмөткө сын айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 15-майда сүттүн баасына байланыштуу тийиштүү мекемелердин маалыматын укту. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов учурда жер-жерлерде сүт фермерлерден майлуулугуна жараша 24-30-40 сомго чейин алынып жатканын айтып, бааны рынок өзү аныктап жатканын белгиледи. Сейитов баанын түшүп кетиши сезонго дагы байланыштуу экенин айтты.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиевдин айтымында, Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө баалар төмөндөп, тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ушундан кийин айрым аймактарда сүттүн баасы эки сомго кымбаттаганы айтылды. Ал башка аймактарда сүттүн наркы туруктуу экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев "элдин маселесин чече албай жатасыңар" деп тийиштүү мекемелерди сындады.

"Баа туруктуу эмес. Ошондуктан дыйкан, фермерлер өкмөттүн башчысына, президентке, Жогорку Кеңештин депуттарына кайрылып жатат. Сиздерге кайрылбайт экен, силерге баары бир экен. Мыйзам кабыл алдык, аны артка кайтардыңар, токтом кабыл алсак, аны деле ар шылтоону айтып сунуш берген жоксуңар. Монополияны жөнгө салуу агенттиги сүт 20 сом эмес, 24 сом деп атат. Сизди жетелеп алып барып көргөзөм. Эртең менен сүт алгандардын жанына туруңуз ошондо көрөсүз канчадан алып жатканын. Азыр сүт өндүрүүчүлөрдө баа түштү, эмнеге дүкөндөрдө түшпөй жатат? Эмнеге муну жөнгө салабйсыздар?" - деп суроо салды Түмөнбаев.

Мамыралиев: "Ишканалар кышында сүттү кымбат, жайында арзан алып, бааны туруктуу кармап турушат", - деп жооп берди.

Депутат Жанарбек Акаев бул маселеде ишканалар менен дагы иштөөнү, башка жаңы рынокторду издөөнү сунуштады.

Жогорку Кеңеште сүттүн баасына байланыштуу маселе 11-майда дагы көтөрүлгөн. Депутат Түмөнбаев өкмөт сүттүн баасын 40 сомдон кем болбосун деген шарт каралган токтомду аткарбай жатканын айтып, буга байланыштуу талкуу уюштурууну сунуштаган.

Сүттү кайра иштетүүчүлөр Кыргызстандын базарлары Орусия менен Беларустан келген арзан сүт азыктарына толуп калганын, депутаттардын талабын аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин, антпесе жабылууга аргасыз болорун айтып жатышат.

Кыргызстанда сүттүн баасына байланыштуу маселе жыл сайын көтөрүлөт. Жогорку Кеңеш былтыр бааны жөнгө салууга байланыштуу атайын мыйзам долбоорун кабыл алган, бирок ага президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарган.

Документтин автору, депутат Акылбек Түмөнбаев быйыл апрелде аны токтом кылып кайра даярдап, парламентте колдоо тапкан. Анда сүттүн бир литринин баасы 40 сомдон кем болбосун деген шарт жазылган. Ал 8-майда парламентте бул токтом үч айдан бери аткарылбай жатканын айтып, өкмөттү сынга алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG