Кайра шайлоо: эки округдан он адам депутат болуу ниетин билдирди

Шайлоо тилкесиндеги жумуш жараяныю. Мурдагы шайлоолордун биринде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Ноокаттагы №5 бир мандаттуу округдан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого беш талапкер - Айболот Айдосов, Бакытбек Марипов, Байжигит Мурзакматов, Артыкбай Абдивалиев жана Элдар Кудайбердиев катталды.

Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдан Атабек Мазымканов, Бактыбек Момбеков, Жакшылык Мукамбетов, Данир Иманалиев жана Султан Тентимишов талапкерлигин көрсөткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. Эки округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп эсептелген.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Ноокаттан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде, Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.

Дагы караңыз

Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулдуБлинкен НАТО саммитинде Украина үчүн "олуттуу кадамдар" жасаларын айтты Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда