Спикер Шакиев баштаган депутаттар тобу Венага кетти

Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар тобу 15-майда Австрияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Парламенттин басма сөз кызматы делегациянын курамында депутаттар Элдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар экенин билдирди.

Расмий маалыматта Венада жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болору, саясий-экономикалык алаканы арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланат.

Ошондой эле кыргыз депутаттары Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Австрия парламентинин сайтында азырынча Шакиев баштаган топтун Венага расмий сапары тууралуу маалымат жок.

Дагы караңыз

ЖКда шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын азайтуу долбоору четке кагылдыКасаболотов: Бийлик Олжобай Шакирди саясий фигурага айлантты"Венгрияга ишке барып ара жолдо калдык" “Пашинян, кет!” Диниятчы бийликке каршы элди көтөрдү