Кыргыз армиясында "чоңсунуу" качан токтойт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакында Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага аскер кызматкерлеринин укуктарын, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону күчөтүү сунушу менен кайрылды. Омбудсмендин берген маалыматы боюнча акыркы убактарда аскер кызматкерлери арасында жаракат алып, ооруканага түшкөн учурлар катталган. "Азаттыктын" студиясында: Аскер прокурорунун орун басары Султан Бакасов, Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Наиля Токтосунова жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова.