Сот Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты

Олжобай Шакир

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. Прокурор аны жети жылга абакка кесүүнү соттон сураган.

Отурумда анын тарапташтары адилет чечим чыгарууну талап кылган жазууларды көтөрүп турушту.

Жазуучу социалдык түйүндө онлайн акция өткөрүү демилгесин көтөргөн соң камалган. О. Шакир агартуучу катары элдин аң-сезиминде элдик бийлик эмне экенин түшүндүрүүнү каалаганын белгиледи. Ал ошондой эле соттун бардык чечимине даяр экенин билдирген.

Былтыр 6-декабрда Шакирге айыбы угузулган. Прокурор ал интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп белгилеген.

Адвокаттары көз карандысыз экспертизанын бүтүмүнө көңүл бурууга чакырып, политологиялык экспертиза шашылыш чыгарылганын билдиришкен.

Олжобай Шакир деп таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (KS/SE)

Дагы караңыз

Ататүрк паркы: Мэрия 43 гектар жерди кайтаруу аракетин баштайт "Бала-Саруу" чакан ГЭСи ачылат, аны курууга 36 млн доллар сарпталган "Алданып келгендер көп". Кыргызстан мыйзамсыз миграцияны кантип тыят?