Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

"Бала-Саруу" чакан ГЭСи ачылат, аны курууга 36 млн доллар сарпталган


Талас. "Бала-Саруу" чакан ГЭСи
Талас. "Бала-Саруу" чакан ГЭСи

Таластагы "Бала-Саруу" чакан ГЭСинин ачылышы 20-майда болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди. Министрдин айтымында, кубаттуулугу 25 мегаваттык чакан ГЭСти салууга 36 млн доллар кеткен.

"Бүткөндөн кийин Эсеп палатасы ревизиялык комиссия менен сарпталган акчанын баарын карап чыгышты", - деди министр.

Быйыл марттын башында эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлгөн. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Токтогул суу сактагычында 13-майга карата 8 млрд 157 млн метр кубдан ашуун суу топтолду. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.

Өкмөт буга чейин өз күчү менен "Бала-Саруу", “Куланак” ГЭСтерин кура баштаган. Энергетика министрлиги ГЭСти курууга Австриядан жабдуулар алынып, 2023-жылдын аягында ишке берилерин билдирген. Ошондой эле Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн инвесторлорду издеп жатат.

"Бала-Саруу" чакан ГЭСи Талас районундагы Киров суу сактагычында жайгашып, аймактагы ушул кезге чейин пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды натыйжалуу колдонууга шарт түзөрү айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG