Бишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалды

Иллюстрация

Бишкекте курал колдонулган мушташка байланыштуу тогуз киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, 13-майда шаардын Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, ок атылгандай добуштар угулганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексиниин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Алардын улуусу 35, кичүүсү 17 жашта. Кармоо учурунда мушташта ок атылган тапанча алынып, экспертиза дайындалды.

Факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Былтыр тогуз айда кылмыш жасаган 17,9 миң адам кармалган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 3,2% көп. Кылмыш жасаганы үчүн кармалгандардын 15% аялдар, 7,4% жашы жете электер. Кылмыш кылгандардын 48,1% эч жерде окубаган же иштебеген адамдар. (КЕ)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүлөтЧудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына жетекчи болдуСузактагы окуя: Комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштадыЖамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп кайрадан дайындалды