Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп кайрадан дайындалды

Жамалбек Ырсалиев.

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев 13-майда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп келаткан.

Жамалбек Ырсалиев 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп кызматка келип, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган. Кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеп, 2022-жылы март айында кайра вице-мэр болгон.

Ал 2023-жылы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (BTo)

Дагы караңыз

13-май: Темиров жубайы абакта сабалганын билдирди, Бишимбаев 24 жылга соттолду Түркмөн бийлиги көчөдө кайыр сурагандарды талаага ишке салууда Казакстан: аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрге сотто акыркы сөз берилдиКазакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр 24 жылга эркинен ажыратылдыУКМК "Йакын Инкардын" мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү болгонун билдирди