Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев 10-майда өкмөттүн жыйынында суу ташкындан кийин электр жарыгын калыбына келтирүү иштери тууралуу отчет берди.
Анын сөзүнө караганда учурда 5 миңдей үй дагы эле электр жарыксыз калууда.
Түндүк Казакстан облусунда калыбына келтирүү иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, эвакуациялангандардын 54 миңден көбү үйүнө кайтты. Дагы беш миңдей киши убактылуу баш калкалоо жайларында калууда. Жаратылыш кырсыгынан улам жалпы жүз миңдей киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Март айынын соңунан баштап каптаган суу миңдеген турак-жайды алып кетти, мал-жандыктар өлдү.
Казак бийлиги суу ташкын кеминде жети кишинин өмүрүн алып, эки адамдын дайыны жок болуп жатканын кабарлаган.
Суу ташкынга дуушар болгон аймактардын тургундары бул үчүн бийликти күнөөлөп, убагында чара көрбөй койгонун айтышууда. Алардын айрымдары сын пикирлери үчүн камалып да чыкты.
Дагы караңыз
Орусия менен Казакстандын артынан Кыргызстан да кумшекерди экспортоону чектейтАйыл чарба министрлиги жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштадыЫсык-Атада мыйзамсыз майнинг-ферма жоюлду