Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Орусия менен Казакстандын артынан Кыргызстан да кумшекерди экспортоону чектейт


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Министрлер кабинетинин “Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоочу бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды.

Токтом долбоорунда кумшекерди Евразия Экономикалык Бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга быйыл 31-августка чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталды.

Ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба товарларынын жетишсиздигине жол бербөө, бааларды турукташтыруу жана азык-түлүк товарларынын туруктуулугуна карата ички жана тышкы коркунучтарга ыкчам чара көрүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, учурда Кыргызстандын кампаларында сакталган канттын запасы 74 миң тоннаны түзөт. Орусиядан 28,5 тонна өлчөмүндө кант ташып киргизүү квотасын кошуп санаганда көлөм 102,5 тонна гана жетет. Ошол эле маалда өлкөдө кумшекерге жылдык керектөө 145,7 миң тоннаны түзөт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги мына ушул жагдайды жана Орусия жана Казакстандын камыш же кызылча кантын ташып чыгууга тыюу салууларын эске алуу менен, рыноктук баалардын ажиотажын болтурбоо үчүн кумшекерди ЕАЭБден сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуштап жатканын билдирет.

Орусия 3-майдан тартып, Казакстан 7-майдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткаркы мамлекеттерге кумшекерди экспорттоого тыюу салышты.

2022-жылы май айында да Кыргызстан кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салган. Анда да чечим бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн артынан кабыл алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG