Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим. (архивдик сүрөт)

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге шилтеме кылып, президенттин сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Малайзия премьер-министринин сапары анын Борбор Азияга сапарынын алкагында болот, Анвар Ибрагим биринчи Кыргызстанга келет.

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар болжолдонууда. Анда Кыргызстан менен Малайзиянын мамилелерин бардык чөйрөдө - саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жандандыруу боюнча маселелер талкууланат.

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Бул жылдар аралыгында Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүү керектигин айтып келет.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн "Адал-парк" ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок.(ZKo)

Дагы караңыз

Бразилияда суу ташкын 100дөн көп адамдын өмүрүн алдыКалугада дрон чабуулунан мунай заводунда өрт тутандыСүлүктү шаарынын мэри өзү аралашкан балдардын мушташы жөнүндө маалымат бердиАкыйкатчы Аскер прокуратурасынан жоокерлердин укугун коргоону талап кылдыЖоокер тагдыры: Сатар Алманбетов ким?