Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:35

Бразилияда суу ташкын 100дөн көп адамдын өмүрүн алды


Бразилиянын суу каптаган Риу-Гранди-ду-Сул штаты. 5-май, 2024-жыл.
Бразилиянын суу каптаган Риу-Гранди-ду-Сул штаты. 5-май, 2024-жыл.

Бразилиянын түштүгүндөгү суу ташкыны кеминде 107 кишинин өмүрүн алды, дагы 136 адамдын дайыны белгисиз.

Аларды издөө-куткаруу иштери уланууда. Риу-Гранди-ду-Сул штатынын 165 миңден ашуун тургуну суу ташкындан улам үй-жайын таштап, коопсуз жакка чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Штатка алып барчу көпүрөлөр талкаланып, жол каттамы үзгүлтүккө учурады. Аймак борборунда талап-тоноочулук күч алды.

Жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгы 3,7 миллиард доллар чыгым алып келгенин билдирди. Федералдык бийлик суу ташкындын кесепети кийинчерээк толук эсептелерин маалымдады.

Жакынкы күндөрү аймакта нөшөр токтобой турганы маалым болду. Мындан улам суунун деңгээли дагы көтөрүлүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.

Апрель айында Орусиянын жана Казакстандын бир катар аймактарын суу каптап, жүз миңдеген адамдар коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG