9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун Талас облусундагы жалгыз ардагери, 98 жашында көз жумган Араке Арстанбеков өзү туулуп өскөн Айтматов районунун Бакыян айылында жерге берилди. Бул тууралуу Айтматов райондук акимчилигинен кабарлашты.
Коштошуу зыйнатына облус башчысы Нурлан Дарданов баштаган жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана ардагердин жакындары катышты.
Анда карыянын согуш талаасындагы эрдиктери жана колхоздо жасаган эмгектери эскерилген.
98 жаштагы Араке Арстанбеков 1926-жылы Бакыян айылында туулган. Аскерге 1943-жылы 17 жаш курагында чакырылган.
Ардагер "Берлинди алгандыгы үчүн", "Каармандыгы үчүн" жана башка мааракелик медалдар менен сыйланган.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калган. (MKt)
Дагы караңыз
5 миң сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыктыAmnesty International Карасартовага коюлган айыпты алууну талап кылган 400 миңдей кол тамга чогулттуПутин жана Пашинян Армениянын айрым аймактарынан орус аскерлерин чыгарууну макулдашышты Арменияда чек ара маселесинен улам өкмөт башчы Пашиняндын отставкасын талап кылган акция өтүүдө Путин глобалдык кармаш коркунучу күчөп баратканын айтты