Amnesty International эл аралык уюмунун активисттери жана тарапкерлери глобалдык “Каттар марафону” (Write for Rights) өнөктүгүнүн алкагында кыргызстандык укук коргоочу Рита Карасартовага тагылган айыпты алып салууну талап кылган 405 204 кол тамга чогултту. Бул тууралуу аталган уюм өз сайтында кабарлады.
Мекеменин маалыматында Карасартовага коюлуп жаткан “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып ойлоп табылганы жана ал бул берене менен 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени жазылат.
“Ританы колдоо үчүн чогулган кол тамгалардын саны – бул Ританы жана Кыргызстанда саясий куугунтуктан жапа чегип жаткан башка активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды дүйнөлүк коомчулук колдоп жатканын жана тилектеш экенин айгинелейт. Биздин жүз миңдеген кол тамгаларды жана каттарды камтыган масштабдуу колдообуз Кыргызстандын өкмөтүнө бийликти сындагандарды куугунтукка алуу байкалбай калбай турганын көрсөтөт деп ишенебиз. Өлкө бийликтери өзүнүн репрессиялык саясатын өзгөртөт деп күтөбүз. Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулук Кемпир-Абад ишине жана Кыргызстандагы саясий өңүттөгү бардык иштерге тыкыр көз салып турганын эске алышы кажет”, – деп келтирилет Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мейзи Вайхердингдин сөзү.
Кол тамгалардын 100 миңден ашыгы Amnesty International уюмунун сайтында онлайн жыйналса, 60 миңден ашыгын Францияда, 40 миңге жакынын Нидерландыда, 30 миңден ашыгын Германияда активисттер жана тарапкерлер кыдырып чогултушкан. Калгандары Польада, Бельгияда, Тайванда, Тогодо, Люксембургда жана башка өлкөлөрдө жыйналган.
Кол тамгалар кыргыз бийлигине берилгени, анын ичинде 60 миң кол тамга Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине жеткирилгени маалымдалды.
Мурдараак Kloop басылмасына берген интервьюсунда Рита Карасартова дүйнөнүн булуң бурчунан каттарды алып жатканын, аларды окуп, ыйлап, шыктанганын айтып берген.
Укук коргоочу, эксперт, Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган отуздай адамдын бири. Ал сегиз ай тергөө абагында жатып, кийин үй камагына чыгарылган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)