Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында 6-майда жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөнү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү.
Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, кооптуу жайытта мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоют жыйнабоо боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилди.
Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт, анын тогузу ушул айылдын тургундары.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 6-майга караган түнү саат 02:35 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.
Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. (КЕ)
Дагы караңыз
Бишкекте троллейбустарды электрбустарга алмаштыруу маселеси каралып жататТажикстанда сел каптаган аймактарда үч киши каза болдуУкраина Орусиянын чабуулунан миңдеген абонент жарыксыз калганын билдирди Токтогул суу сактагычына 7,7 млрд метр куб суу топтолду