Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Токтогул суу сактагычына 7,7 млрд метр куб суу топтолду


Токтогул суу сактагычына акыркы 2-3 жылдан бери суу аз чогулууда. 2022-жылы тартылган сүрөт.
Токтогул суу сактагычына акыркы 2-3 жылдан бери суу аз чогулууда. 2022-жылы тартылган сүрөт.

6-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 352 метр куб суу агып кирип, сууну керектөө секундасына 197 метр кубду түзүүдө.

2023-жылдын 6-майында суу сактагычта 8 млрд 155 млн метр куб суу бар болчу.

Марттын башында Кыргызстанда эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарыкты убактылуу өчүрүү токтотулганын билдирген.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп кала турганын эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG