Казакстандын аймагындагы жер титирөө Ысык-Көл облусунда да сезилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 10:12де Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Маалыматка караганда, жер титирөө Ак-Суу районунун, Жыргалаң, Кызыл-Жар, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Нововознесеновка, Боз-Учук, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 баллга чейин, Сары-Камыш, Теплоключенко, Чоң-Таш, Байзак, Түп районунун Токтоян, Кең-Суу, Качыбек, Отрадное, Тасма, Арал айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

Жер титирөө айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкекте көбүрөөк билинип, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар короого, коопсуз жайларга чыгышкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычына 7,7 млрд метр куб суу топтолду Кыргызстанда тогуз мектептин ачылышы болду, Оштогусуна президент Жапаров катыштыПрезидент Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга катышатКыргызстанда бир жылда майнингден 93 млн сом салык түштү