Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен курулуш жана өнөр жай тармагында жигердүү кызматташкысы келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган уюмдун президенти Одил Рено-Бассо менен жолукканда айтты. Бишкек 3-майда тараткан кабарга ылайык, алар Ташкентте жолугушту.
Жапаров гидроэнергетика, суу ресурстары, тоо-кен, агроөнөр жай, транспорт, жеңил өнөр жай жана курулуш тармагында кызматташуу маселесин көтөрдү. Маалыматка караганда, бул тармактар 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасына кирген.
“Бул багыттардын бардыгына өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу керек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан мамлекеттик денгээлде 100 долбоор иштелип чыккан. Өзгөчө суу ресурстары тармагындагы маселелерди чечүү үчүн каржылоону колдоо зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.
Одил Рено-Бассо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатын көздөгөн мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
ЕРӨБ 2021-жылы тараткан маалыматында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери грант жана насыя катары Бишкекке 1 миллиард доллардан ашык каражат бергенин билдирген. (SE)
Дагы караңыз
Сербияда АКШ санкция жарыялаган эки саясатчы өкмөт мүчөсү болду Орусияда аскер комиссариатынын алдында өзүнө өрт койгон киши көз жумду АКШ Газадагы аскерлерине коркунуч жок экенин билдирдиКүлсарыда суу баскан үйлөр көгөрүп жататСузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди Сузакта жабыркаган балдарга президенттин фондунан акча берилди